Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, тараптар парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты талкуулашты.
Элвира Сурабалдиева Германиянын уюмдары колдогон айрым билим берүү жана академиялык программаларды каржылоо кыскарышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирип, аларды колдоонун альтернативдүү жолдорун кароону сунуштады.
Өз кезегинде элчи Моника Ленхард Германия билим берүү жана академиялык программаларды колдоону улантууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.