Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Өзбекстан менен Түркмөнстанды жакын арада Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) толук кандуу мүчө болууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн ассамблеянын XV пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн уюмдун курамында жоктугу түрк дүйнөсүнүн парламенттик кызматташтыгынын толуктугун чектейт.
"Ачыгын айтканда, ТүркПА Өзбекстан менен Түркмөнстансыз толук кандуу эмес. Биз Өзбекстан менен Түркмөнстанды мүмкүн болушунча эртерээк арабызда көргүбүз келет", — деди Куртулмуш.
Ал парламенттик өз ара аракеттенүү түрк мамлекеттеринин жалпы кызматташтыгынын ажырагыс бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи. Анын пикиринде, ТүркПА өз ишин Түрк мамлекеттеринин уюму жана башка кызматташтык түзүмдөрү менен координациялашы зарыл.
Куртулмуш жасалма интеллект технологиялык тармактын алкагынан чыгып, экономикага, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана мамлекеттик башкарууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, түрк мамлекеттери технологиялык прогресске көз салып гана тим болбостон, өздөрүнүн илимий жана кадрдык дареметин өнүктүрүп, интеллектуалдык менчикти коргошу, ошондой эле жаңы технологияларды колдонуунун укуктук жана этикалык ченемдерин калыптандырышы шарт.
Буга байланыштуу ал ТүркПА алкагында жасалма интеллект жөнүндө үлгүлүү мыйзам иштеп чыгуу жана ассамблея өлкөлөрүнүн бул чөйрөдөгү бирдиктүү саясатын калыптандыруу идеясын колдоду.
"Технологиялык прогрессти колдоо менен бирге адамдык кадыр-баркты, негизги укуктарды жана эркиндикти, ошондой эле мыйзамдын үстөмдүгүн коргошубуз керек", — деди Түркия парламентинин төрагасы.
Ошондой эле ал түрк тилдеринин жалпы маданий мурасынын негизинде биргелешкен чоң тил моделдерин өнүктүрүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул санариптик мейкиндикте түрк тилдеринин катышуусун чыңдоого жана өлкөлөрдүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Муну менен катар Куртулмуш жалган маалыматка, жасалма контентке жана шайлоолордун коопсуздугуна байланыштуу тобокелчиликтерге көңүл бурду.
Ал түрк дүйнөсүнүн олуттуу экономикалык дареметин белгиледи. Анын айтымында, Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жалпы калкы 180 миллиондон ашат, ал эми жалпы экономикалык көлөмү 2,4 триллион доллардан ашык каражатты түзөт.
Куртулмуш соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоо, логистиканы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана санариптик өз ара байланышты кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал өлкөлөрдү жашыл трансформация, таза энергетика жана климаттык технологиялар тармагында тажрыйба бөлүшүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Түркия 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин Антальяда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясын кабыл алат. Конференциянын алкагында 16-ноябрда Парламенттер аралык бирлик тарабынан Түркиянын Улуу улуттук жыйыны менен биргеликте уюштурулган жолугушуу пландаштырылган. Куртулмуш кесиптештерин ага катышууга чакырды.
Ал Түркиянын өлкөдө жана аймакта терроризмден эркин шарттарды түзүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, өлкө парламентинде саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия иштеп, талкуулардын жыйынтыгы боюнча баяндама даярдалган. Куртулмуш көрүлүп жаткан чаралар Түркияда да, коңшу мамлекеттерде да тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого алып келет деген ишенимин билдирди.
Соңунда ал 30-октябрда Анкарада өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмунун XIII саммити кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана жалпы максаттарды илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Куртулмуш ТүркПА парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө жана түрк дүйнөсүнүн актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууда маанилүү роль ойной берерине ишеним билдирди.