Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтыкта ийгиликтер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдөн төмөнкү айыл чарба продукциялары экспорттолду:
- Россияга – 40 тонна беде үрөнү;
- Японияга – лагенария ашкабак үрөнү 1500 тонна;
- Кытайга – кургатылган өрүктүн алгачкы 23 тоннасы;
- Өзбекстанга – октябрь 70 жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлдү.
Белгиленгендей, бул иштер Кыргызстан айыл чарбасын эл аралык рыноктордо таанытуу, сапаттуу продукцияны экспорттоо жана фермерлерге кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жүргүзүлүүдө.