Кыргызстандын 8 ишканасы Кытайдын экспорттук тизмесине кирди

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2026 10:04
WhatsApp Image 2026-02-12 at 09.03.14.jpeg
copyright icon ЖИ

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. 12-февралдан тартып Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын 8 ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул чечим Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызмат тарабынан жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгында кабыл алынды.

Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат алган ишканалардын тизмесине төмөнкүлөр кирди:

  • "Ат Башы Трейд" ЖЧК;
  • "Алия" ЖЧКсы;
  • "Гермес Ко ЛТД" ЖЧКсы;
  • "Жол-Аман" ЖЧК;
  • "Таалай Групп" ЖЧК;
  • "Wool KG" ЖЧК;
  • "Опэн Трейд" ЖЧК;
  • "Торугарт Трейд" ЖЧКсы.

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана койдун жүнүн кайра иштетүү менен алектенет.

"Уруксат алуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.