Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды

Коом Загрузка... 16 Март 2026 20:15
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан атайын эвакуациялык авиакаттам менен 142 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дагы 24 жаран Стамбул аркылуу Кыргызстанга кайтып келишти.

Жалпысынан беш атайын эвакуациялык каттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд, Дубай, Катар, Кувейт жана Бахрейнден 592 кыргызстандык өлкөгө алып келинди. Мындан тышкары, 3000ден ашуун жаран кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча Кыргызстанга кайтып келишти.

Министрликтин маалыматына караганда, мекенге кайтуу үчүн негизги транзиттик пункттар Эр-Рияд жана Жидда шаарлары болуп саналат. Каттамдарды Flydubai, Pegasus Airlines, Flynas жана Turkish Airlines сыяктуу авиакомпаниялар аткарат.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды кырдаал толук турукташканга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сапарларды чектөөгө чакырды.