Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин Кыргызстандын төрт шаарында Россиянын университеттеринин "Россиядагы билим берүү – 2026" аттуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти.
Иш-чара 10–11-класстын окуучуларына, магистранттарга жана аспиранттарга багытталган. Катышуучулар окуу программалары, студенттик жашоо жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу түз маалымат ала алышат.
Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Томск, Екатеринбург жана башка шаарлардан келген 27 жогорку окуу жайы катышат.
Көргөзмөнүн графиги:
- Бишкек: 1–2-апрель, саат 12:00 – 16:30 (КРСУнун башкы имараты, Киев көч., 44);
- Кара-Балта: 1-апрель, саат 12:00 – 15:00 (В. И. Ленин атындагы маданият үйү);
- Кант: 2-апрель, саат 12:00 – 15:00 (Ч. Айтматов атындагы Достук үйү);
- Токмок: 3-апрель, саат 12:00 – 15:00 (А. С. Пушкин атындагы №1 мектеп).
Жогорку окуу жайлардын толук тизмеси менен uchebarf.kg/exhibition шилтемеси аркылуу таанышууга болот.