Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда санариптик кызматтар активдүү өнүгүп жатат, бул жарандарга бир топ убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алардын айрымдарын Tunduk тиркемесинен карап көрөлү:
-Балдардын катталган жери жөнүндө күбөлүк - аны бир нече баскыч менен эле алууга болот;
-ID паспорт алмаштырууга онлайн арыз берүү – кезексиз тапшырууга болот;
-калкты тейлөө борборунда онлайн каттоо – күтпөстөн, ыңгайлуу убакытка катталуу;
-салык карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (STI-20) – бардыгы онлайн, салык кызматына барбастан;
-дарыгерге онлайн жазылуу – кезек күтпөстөн кабыл алуу.
Санарип кызматтары менен убакытты үнөмдөңүз!