Москвада кыргызстандыктардын жүрүү мөөнөтүн узартуу электрондук форматка өтүшү мүмкүн

Коом 26 май 2026 15:05
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.31 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 14.12.31 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев иш сапары менен Москва шаарында жүрөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал Көп функционалдуу миграциялык борбордун башкы директору Антон Игантов жана Москванын Экономикалык саясат департаментинин өкүлү Е.Кугаков менен жолугуп, борбордун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын жарандары тарабынан милдеттүү манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык кароодон өтүү тартибине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Сагынбаев россиялык тарапка бул аймакта эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу кызматын санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар маалыматтык кызматташтык жаатында өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашты.