Кыргызстандыктардын Францияда мыйзамдуу иштөөсүнө шарт түзүлөт

Коом 767 19 Июнь 2026 16:45
727205788_4493684834194316_7347800881506567451_n.jpg
725191876_1704835123866663_4188159340589538759_n.jpg
726315601_2304801613658725_4447030327377884579_n.jpg
726517072_1458031082745167_7634832508168969985_n.jpg
726892413_1727203148453840_1418453361710689485_n.jpg
726908600_1660139241869204_3870058481919456672_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефани менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кыргызстандыктардын Францияда мыйзамдуу түрдө иш менен камсыз болуусуна шарт түзүү болду.

Тараптар эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында өзгөчө көңүл эки тараптуу өкмөттөр аралык расмий макулдашууну түзүү келечегине бурулду. Мындай келишим келечекте кыргыз жарандарынын Франция аймагында эмгек укуктарынын корголушуна жана коопсуз шарттарда иштешине жол ачат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең өзгөчө кызыкдар экендигин ырасташты. Ошондой эле жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу максатында биргелешкен иш-аракеттерди жигердүү улантууну макулдашты.