Кыргызстандыктар 62 өлкөдө QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алат

Экономика Загрузка... 25 Май 2026 14:40
6.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Улуттук банк төлөмдөрдү борборлоштуруу багытындагы иштерин улантууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында мекеменин төрагасы Алмаз Бакетаев билдирди.

Ал Улуттук банк тарабынан бирдиктүү QR-код төлөмү киргизилгенин белгиледи.

"Биз азыр Кыргызстандын чегинен сыртка чыгуу алдында турабыз. "Борбордук процессингдик борбору" ЖАКтагы кесиптештерибиз Alipay+ менен биргеликте өткөн жылы бул долбоорду башташкан. Бүгүн биз бул долбоорду иш жүзүндө ишке киргизип жатабыз. Биздин жарандар дүйнөнүн 62 өлкөсүндө каалаган валютада төлөмдөрдү жүргүзө алышат", — деди ал.

Алмаз Бакетаев бул кызмат кыргызстандыктарга чет өлкөлөрдө кошумча кыйынчылыктарсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөрүн, ошондой эле эсептешүүлөрдү кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыларын баса белгиледи.