Кыргызстандык журналисттерге Тажикстандагы Нурек ГЭСине пресс-тур уюштурулду

Борбор Азия Загрузка... 26 Март 2026 09:40
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык журналисттерге Тажикстандагы Нурек ГЭСине пресс-тур уюштурулду. Анда алар энергетикалык объекттин иши менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты.

Журналисттерге берилген маалымат боюнча, бул энергетикалык объект 1972-жылдан бери электр кубатын өндүрүп келет. Жылына 11,2 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ички керектөөнүн 55%ын жабат.

Учурда Тажикстанда электр жарыгына болгон тариф кыргыз сому менен эсептегенде 4 сом турат.

Тажикстанда март айында тариф дагы жогорулатылганы айтылды. Азыр 1 кВт/сааты 40 дирамдан сатылууда. Буга чейин 31,5 дирамдан берилген. Анткени бардык ГЭСтерде модернизациялоо иштери жүрүп жаткандыктан баа дагы көтөрүлдү. Модернизациялоо иштеринен кийин ГЭСтин кубаттуулугу жогорулады.

Нурек ГЭСин модернизациялоо 2019-жылы башталган. Учурда 4 агрегат алмаштырылып кезекте дагы бешөө турат. Реконструкциялоо иштери 2030-жылда аяктайт деп пландалууда.