Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Назарали Арипов Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидди Мухриддинге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.
Тажикстандын тышкы иштер министри элчи Назарали Ариповду бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги анын ишине максималдуу көмөк көрсөтөрүн белгилеп, Тажикстандагы дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.