Кыргызстандык студенттер Ташкентте Goodwill AqNiet Foundation форумуна катышууда

Коом Загрузка... 08 Апрель 2025 10:34
WhatsApp Image 2025-04-08 at 09.32.24.jpeg
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ташкентте өтүп жаткан Goodwill AqNiet Foundation форумуна катышуу үчүн келген Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиянын студенттери менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Чотонов жолугушуунун алкагында аталган иш-чарага катышуу келечекте студенттердин кесипкөй дипломат болуп өсүшүнө, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, маданияттар аралык диалогду кеңейтүүгө жана коңшу өлкөлөрдүн студенттери менен достук мамилелерди бекемдөөгө жардам бере турган баалуу тажрыйба экенин белгиледи.

"Goodwill AqNiet Foundation’го катышууңуздар – бул сиздердин жеке өсүшүңүздөргө гана эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого да чоң салым болот. Ишиңиздерге ийгилик, пайдалуу жана кызыктуу таанышууларды, жаркын жана унутулгус эскерүүлөрдү каалайм", – деди элчи.

Дипломатиялык академиянын студенттери элчиликтеги жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп ала алышканын айтышты. Ошондой эле Goodwill AqNiet Foundation студенттик акциясынын алкагында Кыргызстанды татыктуу таанытуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыктарын белгилешти.

Ташкент шаарында 5-9-апрель күндөрү Goodwill AqNiet Foundation тарабынан уюштурулган форум өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген студенттер катышууда. Форумда аймактагы жаштардын өнүгүүсү, билим берүү жана коомдук активдүүлүк темалары боюнча маселелер талкууланууда.