Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди

Билим
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Алдыга
Артка
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-7-июнь күндөрү Өзбекстанда математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.

Ага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Ирандан 219 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан мелдеште математикадан – 12 жана информатикадан – 12 окуучу күч сынашты

"Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты", - деп айтылат маалыматта.