Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 4 медаль жеңди

Билим 407 02 Июль 2026 11:15
736218219_990826593849215_1504911102638929849_n.jpg
736053937_2168225577057429_5346635024904446522_n.jpg
736931737_3088866731313430_3231656820282816713_n.jpg
735799370_1307845378002908_838578890916147480_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Россиядагы Москва физика-техникалык институтунда өткөн илимий-физикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиадага өлкөдөн 10 окуучу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль утту. Ошондой эле 3 Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, быйыл аталган олимпиадага 30 өлкөдөн 148 мыкты окуучу катышып, татаал теориялык жана эксперименттик физикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча күч сынашты.