Азия оюндары: Мушкер Сыймык Жаныбек уулу коло медалга татыды

Спорт 21 сентябрь 2026 10:40
800051323_1104414381931778_3730542294261560864_n.jpg
817096285_1104414298598453_7187189584152363933_n.jpg
817540392_1104414365265113_6806920466052523957_n.jpg
Алдыга
Артка
800051323_1104414381931778_3730542294261560864_n.jpg
817096285_1104414298598453_7187189584152363933_n.jpg
817540392_1104414365265113_6806920466052523957_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча кыргызстандык спортчу Сыймык Жаныбек уулу коло медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал мелдешти чейрек финалдан баштап, Иорданиянын өкүлү Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 21-сентябрда өткөн жарым финалда Сыймык Жаныбек уулу Бахрейндин спортчусу Мухаммад Набиев менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилип калды.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.