Президент 2034-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүнү тапшырды

Спорт 20 сентябрь 2026 13:15
Президент 2034-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүнү тапшырды
copyright icon WWW

Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2034-жылы Солт-Лейк-Ситиде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров АКШга иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарына жакын жайгашкан Юта штатынын Олимпиадалык паркына (Utah Olympic Park) барганда билдирди.

Анда мамлекет башчысы кыргызстандык спортчуларды даярдоону азыртадан кеңейтүү, өлкө үчүн жаңы болгон кышкы олимпиадалык спорт түрлөрүн өздөштүрүү жана 2034-жылы Кыргызстан Олимпиада оюндарында улуттук курама команданын кыйла кеңири курамы менен катыша тургандай шарттарды түзүү милдетин койду.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жаш спортчуларды даярдоо жана спорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын кеңири изилдеп чыгууну, ошондой эле 2034-жылдагы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети жана штаттын спорттук уюмдары менен кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоону тапшырды.