Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Билим 3076 30 Март 2026 13:27
659075285_1391969439643463_3673560948164234316_n.jpg
657178911_1391969542976786_9166669674209066276_n.jpg
658221871_1391969606310113_7158149949241866508_n.jpg
660479705_1391955769644830_2209572841942822172_n.jpg
657140161_1391955696311504_5115603312298222426_n.jpg
657641805_1391955242978216_749669379578811869_n.jpg
658913943_1391955179644889_6177712877372806908_n.jpg
660918875_1391956236311450_558432787970408620_n.jpg
656628538_1391956676311406_4620823009771703369_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө өлкөнүн келечеги билим жана илимге умтулган жаштардын колунда экенин белгилеп, олимпиада жеңүүчүлөрүн куттуктады.

656628538_1391956676311406_4620823009771703369_n.jpg
"Сиздерге суктануу менен кошо толкунданып турам. Бир убакта мен дагы сиздердей бир нече жолу республикалык олимпиаданын катышуучусу болгом. Сиздердин өжөрдүгүңүздөр жана тырышчаактыгыңыздар бүгүнкү ийгиликке жеткирди", — деди Эдил Байсалов.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева билим таймашында ийгиликке жетишкен окуучулардын талыкпас эмгеги, тынымсыз изденүүсү жана максатка умтулуусу өз жемишин бергенин баса белгиледи.

660918875_1391956236311450_558432787970408620_n.jpg
"Быйыл өлкө боюнча республикалык олимпиадага жалпы 24 миң окуучу катышты. Алардын ичинен эң мыктылары тандалып, 322 окуучу финалдык баскычка жетти. Бул жерде тургандардын баары сиздер мыкты жана таланттуу окуучуларсыздар. Ар бир катышуучуну жеңиштин ээси деп эсептейм. Сиздер эл аралык олимпиадаларда да жеңишке жетишип, Кыргызстандын желегин бийик көтөрөсүздөр деп ишенем", — деп билдирди Байсалов.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды даярдаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, президенттин колдоосу менен бардык мугалимдердин айлык маяналары жогорулатуу алдында турганын айтты.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 27–28-март күндөрү Ч. Айтматов атындагы Бишкек "Айчүрөк" лицейи жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этабында жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты.

Жалпы жыйынтык:

  • 1-орунду — 19 окуучу;
  • 2-орунду — 18 окуучу;
  • 3-орунду — 17 окуучу ээледи.

Командалык эсепте:

  • Бишкек шаары: 21 орун, 49 упай менен — I орун;
  • Ош шаары: 8 орун, 16 упай менен — II орун;
  • Чүй облусу: 7 орун, 11 упай менен — III орунду алды.