Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өтүүдө.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, волейбол боюнча уюштурулган мелдешке Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринен куралган 10 команда катышууда.
Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине облус жетекчисинин орун басары Максатай Каримбердиева катышып, курман болгон аскер кызматкерлердин эрдиги жана каармандыгы эч качан унутулбай турганын белгиледи.
Эскерүү иш-чарасында курман болгон аскер кызматкерлеринин багышталып куран окулду.
Мелдештин катышуучулары үчүн спорттук оюндар менен катар, мекенчилдик баалуулуктарды даңазалаган иш-чаралар уюштурулуп, аскер кызматкерлеринин арасында ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.