Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Италиянын Езоло шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасындагы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын жаштар курама командасы 4 медаль багындырды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 18-27-сентябрь күндөрү өткөн мелдешке 80 өлкөдөн спортчулар катышты. Кыргызстандын командасынын эсебинде 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль бар.
Абуубакр Алимов 48 кг чейинки салмакта Low Kick багыты боюнча юниорлор арасында дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
Даниэль Дрожжаков (57 кг чейин) жана Самир Лю (67 кг чейин) күмүш медаль, ал эми Рабия Исраилова (44 кг чейин) коло медаль жеңди.