Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки (U23) улуттук курама командалары 12-18-октябрь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Улуттук курама команданын тизмеси:
Эркин күрөш:
• 57 кг чейин – Садыр Кайыпбеков;
• 61 кг чейин – Юхан Догдурбек уулу;
• 65 кг чейин - Өскөнбай Абдисаматов;
• 70 кг чейин – Рустамжан Кахаров;
• 74 кг чейин - Адилет Акылбеков;
• 79 кг чейин - Байтемир Түлөбердиев;
• 86 кг чейин - Висхан Адаев;
• 92 кг чейин - Улук Сооронбеков;
• 97 кг чейин - Кутман Төлөбалдиев;
• 125 чейин – Жаргалаң Будажапов;
Башкы машыктыруучу - Ислам Тазабеков;
Улук машыктыруучу - Нарынбек Дүрбөлөң уулу.
Грек-рим күрөшү:
• 55 кг чейин - Барсбек Асанкожоев;
• 60 кг чейин - Кубанычбек Аринов;
• 63 кг чейин – Акыл Сулайманов;
• 67 кг чейин - Баяман Каримов;
• 72 кг чейин - Ырыскелди Хамзаев;
• 77 кг чейин - Алибек Бердиев;
• 82 кг чейин - Эрлан Марс уулу;
• 87 кг чейин - Имур Темирбеков;
• 97 кг чейин - Асылбек Ниязбек уулу;
• 130 кг чейин - Мурат Ботоев;
Башкы машыктыруучу - Улукбек Карачолоков;
Улук машыктыруучу - Руслан Царев.
Кыз-келиндер күрөшү:
• 73 кг чейин - Кайыркүл Шаршенбаева.