U23 Дүйнө чемпионаты: Балбан Эрлан Марс уулу коло байгеге ээ болду

Спорт 14 октябрь 2026 10:25
U23 Дүйнө чемпионаты: Балбан Эрлан Марс уулу коло байгеге ээ болду
copyright icon WWW

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал грек-рим күрөшүнүн 82 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты. Балбан коло медаль үчүн беттеште швециялык Александр Йоханссонду далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Буга чейин Эрлан Марс уулу жубатуучу беттеште сербиялык Огнен Яковлевичти 2:1 эсебинде уткан.

Бул Кыргызстандын курама командасынын дүйнө чемпионатындагы экинчи коло медалы. Буга чейин Кубаныч Арынов 60 кг чейинки салмакта коло байгеге ээ болгон.