Дүйнө чемпионаты: Балбан Кубаныч Арынов коло медаль утту

Спорт 14 октябрь 2026 09:50
Дүйнө чемпионаты: Балбан Кубаныч Арынов коло медаль утту
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал грек-рим күрөшүнүн 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Арынов 1/8 финалда АКШ өкүлү Максвелл Хоппер Блэкти 8:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда азербайжандык Элмир Алиевге 4:7 эсебинде утулду. Жубатуучу беттеште польшалык Оливье Томаш Скшипчакты 9:0 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн кармашта өзбекстандык Мехрож Бахрамовду 1 мүнөт 51 секундда туше менен утту.