Футбол: Кыргыз курамасы Бишкекте Мальдив жана Ливанга каршы ойнойт

Спорт 21 сентябрь 2026 12:00

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кыргызстан Мальдив аралдарынын курамасы менен 28-сентябрда, ал эми Ливандын командасы менен 4-октябрда беттешет.

Күйөрмандар үчүн оюндардын алдында саат 18:00дө көңүл ачуучу шоу-программа уюштурулат, беттештер саат 20:00дө башталат. Билет алган көрүүчүлөр баалуу байгелердин, анын ичинде башкы байге — iPhone 18 Pro смартфонунун ойнотулушуна катышат. Билеттер ticketon.kg сайтында сатылууда.