Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык Бектан Кыдыев "Росатомдун" башкы директорунун алдындагы Impact Team 2050 эл аралык жаштар консультативдик кеңешинин жаңы курамына кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Студенттер ассоциациясы билдирди.
Маалымат Обнинск NEW 2026 IV эл аралык жаштар форумунда белгилүү болгон. Форум Обнинск шаарында өтүп, 85 өлкөдөн 700дөн ашуун катышуучуну жана 10 мамлекеттин расмий делегацияларын бириктирди. Онлайн форматта 25 өнөктөш аянтчадан миллиондон ашуун студент кошулган.
Кеңеш жаш лидерлер менен "Росатомдун" жетекчилигинин диалогун өнүктүрүү, атомдук технологияларды, ядролук билим берүүнү илгерилетүү жана тажрыйба алмашуу үчүн түзүлгөн.
Белгиленгендей, тандоо миңден ашуун жаш өкүлдүн арасынан өткөн. Кыдыев кеңеште Борбор Азиянынын атынан чыгып, форумда "Чынжырлуу реакция: жаштар коомдоштуктары дүйнөлүк атомдук тармакты кантип өзгөртүүдө" аттуу сессияда спикер болду.