Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда

Коом
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда
Алдыга
Артка
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда
Алдыга
Артка
copyright icon Өзбекстандын Коргоо министрлиги

Ташкент, 16.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд облусундагы "Каттакурган" полигонунда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери катышкан ири биргелешкен машыгуулар өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Регионалдык машыгуулар "Биримдик-2025" деп аталат. Анын негизги максаттары – дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп, жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болгон шартта өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтыкты жана өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.

Машыгуулардын алкагында артиллерия, учкучсуз учуучу аппараттар, бронетехника жана башка курал-жарактар колдонулуп, окутуу-согуштук тапшырмалар аткарылат.

Мындан тышкары, Самарканд шаарында Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу өтөт.