Кыргызстандык адистер Кореяда "акылдуу фермалардын" иши менен таанышты

Коом 432 10 Март 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-10 at 11.24.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Кореяда айыл чарбасын санариптештирүү жана инновацияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу программасына катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Асел Кененбаева жетектеген делегациянын курамына тармактык адистер жана Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында тандалган фермерлер кирди.

Иш сапардын алкагында кыргызстандык адистер вертикалдык жана жабык фермалардын иши, автоматташтыруу жана агрардык инновациялар менен таанышты.

Делегация Dawoon Co., Ltd., One Acre Farm, Farm8 сыяктуу алдыңкы компаниялардын жана биотехнология институтунун (KRIBB) иши менен таанышып, санариптик чечимдер боюнча маалымат алышты.

Ошондой эле Кореянын Айыл чарба жана Илим министрликтеринин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Бул программа Кореянын Жашыл өсүш боюнча Трасттык фонду жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашты. Алынган билим Кыргызстанда "акылдуу" технологияларды жайылтууга жана агрардык сектордун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.