Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ата мекендик ишкерлер үчүн Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталды.
Тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.
Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына тоңдурулган кулпунай, малина, алча, алма, алмурут жана башка жемиштер кирет.
Кыргызстандан ишканаларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти эсептелет.
"Ушуга байланыштуу министрлик ата мекендик ишканаларды каттоодон өтүү жана экспорттук жеткирүүлөрдү даярдоо иштерин активдештирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.