Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө кабель экспорттолууда

Экономика 29 Май 2026 16:00
IMG_3193.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3182.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3183.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3184.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3185_HhmAl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3187.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3188.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3190.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3191.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3192.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан "Бек кабель" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрдин айтымында, ишкана туруктуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Завод орто эсеп менен ай сайын 1 500 тоннага чейин алюминийди, 800 тонна жезди жана 3 200 тонна пластикатты кайра иштетет.

"Ишкана 2024-жылдын 5-июлунда ишке киргизилген. Завод чийки заттын ушул көрсөтүлгөн көлөмүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде өндүрүлгөн продукция ички рыноктун суроо-талабын канааттандырууга, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоого багытталган", – деп белгиледи Бакыт Сыдыков.

Заводдун директору Кубан Бекбашев маалымдагандай, учурда ишканада 80 кызматкер эмгектенет, алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар. Келечекте жумушчу орундардын санын 150 адамга чейин жеткирүү пландалууда. Ал ошондой эле жумушчулардын эмгек акысы 50 миңден 100 миң сомго чейин экендигин кошумчалады.