Кыргызстандагы таза суу көйгөйү: Кайсы облуста абал кандай?

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 18:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2 миң 14 айылдын 836 айылы таза суу менен камсыздалган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Республиканын калкын коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болгондуктан, бул маселе кабыл алынган 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына камтылган.

Министрликтин маалыматы боюнча, Бишкек, Ош шаарларынын карамагындагы 60 айылдын 58 айылы ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми өлкөнүн жалпы облустарында 1 миң 954 айыл болсо, анын ичинен 778 айылда таза суу жеткиликтүү. Калган айылдардын ичинен 772синде таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылып жатса, 407 айылга курулуш жүргүзүү үчүн инвестиция керектелүүдө.

Административдик-аймактык реформадан кийинки ар бир облустун айылдарындагы таза суу менен камсыздоо иштерине токтолсок:

- Баткен облусунда 222 айыл катталса, анын ичинен 85 айыл таза суу менен камсыздалган. 137 айылда курулуш жүргүзүү талап кылынып, учурда 71 айылда таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылууда.

- Жалал-Абад облусунда 468 айыл катталса, анын ичинен 101 айыл таза суу менен камсыздалган. 367 айылда курулуш жүргүзүү талап кылынып, анын ичинде учурда 228 айылда таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашууда.

- Нарын облусунда 144 айыл болсо, анын 75 айылы таза суу менен камсыздалган. 69 айылда курулуш жүргүзүлүп, учурда 65 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашууда.

- Ош облусу боюнча 521 айыл катталган. Анын ичинен 248 айыл таза суу менен камсыздалган. 273 айылда курулуш жүргүзүү зарыл болсо, анын ичинде учурда 192 айылда таза суу менен камсыздоо долбоорлору аткарылууда.

- Талас облусундагы 93 айылдын ичинен 64 айыл таза суу менен камсыздалган. 29 айылда курулуш жүргүзүү зарыл болуп, анын ичинде учурда 23 айылда таза суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

- Чүй облусунда 311 айыл бар, анын ичинен 102 айылга таза суу жеткиликтүү. 209 айылда курулуш жүргүзүү керек болуп, учурда 119 айылда таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда.

- Ысык-Көл облусу боюнча 195 айыл катталган. Анын ичинен 103 айыл таза суу менен камсыздалган. 92 айылда курулуш жүргүзүү талап кылынып, анын ичинен 72 айылда таза суу менен камсыздоо долбоорлору аткарылууда.

Белгилей кетсек, учурда аталган министрлик тарабынан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Ага ылайык, 2026-жылдан 2030-жылдын аягына чейин республиканын 388 айылынын жана 13 шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жана шаарлардын канализация системаларын куруу чаралары белгиленген.

2026-жылга мамлекеттик бюджеттен айыл чарба багытына жалпы 41 млрд сом каралса, анын ичинен эң көбү 10 млрд сому ирригацияга, 3 млрд сому калкты таза суу менен камсыздоо тармагына бөлүнөөрүн Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисинин ачылышында, 2021-жылдан бери бул тармакка республикалык бюджеттен жана инвестициялык булактардан жалпы 512 млн доллар тартылганын маалымдады.

“Акыркы эки жылдын ичинде биз калкты таза суу менен камсыздоо жоопкерчилигин толугу менен өз мойнубузга алдык. Бул - мамлекеттин элдин турмуш сапатын жакшыртууга багытталган приоритеттүү саясатынын жыйынтыгы. Андыктан акыркы эки жылда 600 айылда жана 25 шаарда курулуш жумуштарын жүргүзүп, 2024-2025-жылдар аралыгында 80 айылда таза суу системалары курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Ошондой эле, 3 шаарда канализациялык системалар жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар курулду”, - деди Төрөбаев.

Маалым болгондой, 2024-жылдан тартып Таза суу системасы департаменти министрликтин карамагына өткөрүлүп, бул тармакта системалуу жана масштабдуу иштер башталган. Мурда таза суу маселеси жетиштүү деңгээлде каралбай, айрым аймактарда система такыр жок болгон, республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй, негизинен тышкы донорлордун эсебинен гана иш жүрүп келген.

Бирок, учурда эл аралык келишимдер, мамлекет тарабынан ири суммада каражат бөлүнүп таза суу киргизилген жерлерде кадр жетишсиздиги көйгөйү жаралып жаткандыгын министрликтин ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов билдирди.

"Бүгүнкү күндө элди таза суу менен камсыздоо тармагында мамлекет тарабынан алгылыктуу жумуштар аткарылууда. 2001-2009-2014-жылдары биринчи этап, андан кийин да көп тышкы донорлордун, бюджеттин миллиарддаган каражаттары сарпталып, таза суу курулмалары курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок бул жерде эң көйгөйлүү маселелердин бири курулган объектилерди эксплуатациялоо жагы начар болууда. Негизгиси тариф маселеси, айылдарда таза сууга акча жыйноо кыйын болууда. Жер-жерлерде суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлеринин айлыгы аз болгондуктан, адистер иштөөгө келбей жатат. Окутулган адистер да маянанын аздыгынан иштебей, натыйжасында система жабыркоодо. Бул маселени жөнгө салуу багытында департамент тарабынан иштер жүрүүдө”,- деди Халов.

Жыйынтыктап айтсак, республика боюнча калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо багытында олуттуу жылыштар бар. Тармакка ири каржылык жана инвестициялык ресурстар тартылып, жүздөгөн айылдарда жана шаарларда таза суу жана канализация системалары курулууда. Учурда курулган объектилердин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кадрдык потенциалды бекемдөө, тарифтик саясатты жөнгө салуу маселелерин чечүү зарылдыгы жаралууда.