Акыркы беш жылда Кыргызстандын дин саясаты олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2025-жылы кабыл алынган жаңы "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам диний саясаттагы эң чоң укуктук бурулуштарды алып келди. Диний маселе укуктук, коомдук туруктуулук, улуттук коопсуздук, жаштар саясаты, радикалдашуунун алдын алуу, улуттук жана жарандык иденттүүлүк, мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо маселеси катары комплекстүү карала баштады.
Диний саясаттын объекти мечит же медресе менен эле чектелбей, диний санариптик мейкиндик дагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багытына айланууда. Бул арада диндер аралык мамиледе институционалдык өзгөрүү жүрүп, диний кырдаалды изилдөө системасы кыйла күчөтүлдү.
Дин чөйрөсүндөгү ушул жана башка чоң өзгөрүүлөр туурасында “Кабар” агенттиги мурунку Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, диндер аралык мамилелер боюнча эксперт жана конфликтолог Зайырбек Эргешов менен маектешти.
— Зайырбек Жолчуевич, акыркы жылдары дин чөйрөсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгонун көрүп, билип жатабыз. Бүгүн ар бир өзгөрүү боюнча кенен сөз кылсак, кезинде өлкөнүн дин саясатын жүргүзүүгө кызуу катышкан инсансыз. Эгер 5 жыл мурунку саясат менен салыштыра турган болсок акыркы өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?
— Негизинен алганда, акыркы 5–6 жылда Кыргызстандагы дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатта олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул өзгөрүүлөрдү бир гана диний уюмдарга көзөмөл күчөдү деп түшүнүү туура эмес. Чындыгында, светтик мамлекеттин принциптерин бекемдөө, диний эркиндикти укуктук жактан кайра жөнгө салуу, диний чөйрөнү улуттук коопсуздук менен байланыштыруу, мамлекет–дин мамилесин институционалдаштыруу жана конфессиялар аралык диалогду күчөтүү деген бир нече процесстер параллелдүү жүрдү. 2020-жылга чейинки салыштырмалуу либералдык жана декларативдүү жөнгө салуудан 2021–2026-жылдары системалуу мамлекеттик саясатка, ал эми 2025-жылдан тартып укуктук жана институционалдык көзөмөлү күчтүү моделге өтүү жүрүп жатат.
2020-жылга чейин Кыргызстанда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат негизинен дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу менен бирге диний уюмдардын ишин каттоо жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө багытында жүрүп келген. Бирок акыркы 5–6 жылда диний маселе бара-бара укуктук маселе, коомдук туруктуулук, улуттук коопсуздук, жаштар саясатынын, радикалдашуунун алдын алуу, улуттук жана жарандык иденттүүлүк, мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо маселелери катары комплекстүү карала баштады.
Муну 2021-жылы кабыл алынган 2021–2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы так көрсөтөт. Анын негизги максаттарынын ичинде элдин биримдигин, маданияттар жана диндер аралык ынтымакты камсыз кылуу, мамлекет–конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө көрсөтүлгөн. Демек, мамлекеттин позициясы акырындап "динге кийлигишпөө", деген түшүнүктөн "диний чөйрөдө мыйзамдуу, системалуу жана алдын алуучу мамлекеттик саясат жүргүзүү" деген түшүнүккө өттү.
— Аталган концепцияда эмнелер белгиленген?
— 2021–2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы акыркы беш жылдагы саясаттын негизги "каркасы" болуп калды. Анда бир нече маанилүү багыт белгиленген:
- светтик жана укуктук негиздерди бекемдөө;
- мамлекет менен диний уюмдардын мамилесин өркүндөтүү;
- диний сабаттуулукту жогорулатуу;
- диний экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуу;
- диний билим берүүнү жөнгө салуу;
- диндер аралык жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү;
- диний чөйрөдө мамлекеттик органдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
- диний уюмдардын ишин укуктук жактан тактоо.
Аны ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети 2022–2026-жылдарга иш-чаралар планын бекиткен. Бул жерде өзгөчө көңүл бурууга тийиш нерсе — светтик принцип биринчи орунга коюлгандыгында.
Дагы белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда светтик мамлекет түшүнүгүнө мамиле өзгөрдү. Өлкө мамлекеттик түшүнүк боюнча светтик мамлекет — динге каршы мамлекет эмес. Конституциянын 9-беренесинде эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин боло албай тургандыгы, дин жана бардык диний культтар мамлекеттен бөлүнгөндүгү, диний уюмдар менен дин кызматкерлеринин мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбестиги бекитилген. Ошол эле учурда ар бир адамдын дин тутууга же эч бир динди тутпоого укугу бар. Ошондуктан акыркы жылдары мамлекеттик дискурста светтик түшүнүгүн атеисттик түшүнүктөн айырмалоо күчөдү. Башкача айтканда, светтик мамлекет динсиз коом эмес. Тескерисинче, светтик мамлекет бардык диндерге жана дин тутпаган адамдарга карата мамлекеттин укуктук нейтралдуулугу.
— Бул светтик мамлекет түшүнүгү кандай жайылтылууда?
— Светтик түшүнүктү жайылтуу жөн гана мыйзам менен чектелбейт. Акыркы жылдары светтик принципти түшүндүрүү боюнча мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге, жаштарга, диний кызматкерлерге, укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жарандык коомго семинарлар, тренингдер, форумдар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Мисалы, 2024-жылы Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен "светтик принципти жана социалдык туруктуулукту бекемдөө" боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулаган. Светтик мамлекеттин принциптерин калкка түшүндүрүү мамлекеттик саясаттын өзүнчө багытына айланды.
— Эми диний коопсуздук жөнундө сөз кылсак. Диний коопсуздукту камсыздоо боюнча кандай өзгөрүүлөр болду?
— Акыркы жылдардагы эң олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири бул дин маселеси улуттук коопсуздук маселеси менен көбүрөөк байланышта карала баштаганында. 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Мунун натыйжасында диний чөйрөдө диний ишеним, диний идеология, радикалдашуу коркунучу, экстремизм, терроризм деген байланыштарга көбүрөөк көңүл бурула баштады. Бирок бул жерде принципиалдуу айырмачылык болушу керек, динчилдиктин өзү экстремизм эмес. Консервативдүү диний көз караштын өзү да экстремизм эмес. Коопсуздук саясатынын негизги объектиси — мыйзамсыз зордук-зомбулукка чакыруу, терроризм, экстремисттик идеология, жек көрүүчүлүктү козутуу жана конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттер.
Акыркы жылдары коопсуздук мамилеси "жазалоодон" алдын алууга көбүрөөк өтүшү керек деген түшүнүк күчөдү. Ошондой эле, акыркы жылдарда диний радикалдашуунун алдын алуу боюнча превентивдик механизмдерге көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Мисалы, жаштар менен иштөө, диний сабаттуулукту жогорулатуу, экстремизм боюнча түшүндүрүү, социалдык тармактардагы маалыматтык иштер, диний лидерлер менен кызматташуу, жергиликтүү деңгээлдеги алдын алуу иштери. 2024-жылы "Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!" аттуу республикалык форум Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жаштар саясаты боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте өткөрүлүп, 2021–2026-жылдардагы диний саясат, 2020–2030-жылдардагы жаштар саясаты жана 2023–2027-жылдардагы экстремизмге жана терроризмге каршы программа менен байланышта уюштурулган.
— Дин тармагындагы акыркы кабыл алынган мыйзам дагы көп өзгөрүүлөрдү алып келгени айтылууда. Жаңы "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Акыркы беш жыл диний саясаттагы эң чоң укуктук бурулуштардын бири болду десек туура болот. 2024-жылы Жогорку Кеңеш жаңы "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамды кабыл алган. Бул акыркы 5–6 жылдагы эң маанилүү өзгөрүү.
Жаңы мыйзамда, диний ишмердүүлүктүн субъекттери так аныкталды, диний уюмдарды каттоо тартиби такталды, диний билим берүү жөнгө салынды, миссионердик ишмердүүлүккө талаптар белгиленди, диний материалдар боюнча тартип киргизилди, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси такталды, мамлекеттик органдын диний чөйрөдөгү статусу бекемделди, диний уюмдардын укуктары жана милдеттери конкреттештирилди, жоопкерчилик маселелери такталды.
2025-жылдан тартып мамлекеттик көзөмөлдүн институционалдык мүмкүнчүлүгү күчөдү. 2025-жылы президенттин жарлыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Улуттук дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик болуп кайра түзүлдү. Бул жөн гана аталышты өзгөртүү эмес. Мында диний саясат менен этностор аралык мамилелер бир мамлекеттик институттун алкагында көбүрөөк байланышта карала баштады. Мунун саясий логикасын түшүндүрүп берейин. Ал “дин аралык ынтымак + этностор аралык ынтымак + улуттук биримдик + жарандык иденттүүлүк - коомдук туруктуулук” дегенди билдирет.
Бул арада диний кырдаалды изилдөө системасы да күчөтүлүүдө. 2025-жылдын сентябрында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору болуп кайра уюштурулган. Бул абдан маанилүү өзгөрүү болуп саналат. Анткени мамлекет диний саясатты эми "каттоо - текшерүү - реакция кылуу" логикасы менен гана эмес, "изилдөө - мониторинг - тобокелдикти аныктоо - алдын алуу - саясаттык чечим" логикасы менен жүргүзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, аналитикалык компонент күчөп жатат.
— Кыргызстан диний көп түрдүүлүгү менен айырмаланган өлкө экени маалым. Диний сабырдуулук маселеси кандай чечилип жатат деп ойлойсуз?
— Диндер аралык мамиледе да институционалдык өзгөрүү болду. Кыргызстанда мусулмандар басымдуу болгон шартта башка диний конфессиялар менен мамилени сактоо өзгөчө маанилүү. Акыркы жылдары конфессиялар аралык кеңештин ишине көңүл бурулуп келет. Мисалы, 2025-жылдын февралында конфессиялар аралык кеңештин жыйыны өткөрүлүп, жаңы диний мыйзамдын негизги жоболору талкууланган. Бул жерде мамлекеттин ролу өзгөрүп, башкача айтканда мамлекет диндердин ортосундагы атаандаштыкка аралашкан субъект эмес, диалог үчүн институционалдык шарт түзгөн координатор катары роль ойнойт.
Диндер аралык мамиледе толеранттуулуктан диалогго өтүү зарылчылыгы күчөдү. Мурун көбүнчө диний толеранттуулук деген түшүнүк колдонулса, азыр диалог, өз ара түшүнүшүү, кызматташуу, социалдык туруктуулук деген түшүнүктөр көбүрөөк колдонулууда. Диний билим берүү маселеси кыйла күчтүү жөнгө салына баштады. Акыркы жылдары диний билим берүү өзүнчө саясаттык багытка айланды. Эгер диний билим берүү сапатсыз болсо анда диний сабатсыздык, радикалдуу интерпретациялар, чет өлкөлүк идеологиялык таасир, жабык диний чөйрөлөр, жаштардын манипуляцияга кабылуусу сыяктуу тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан жаңы мыйзамда диний билим берүүнү жөнгө салуу өзүнчө багыт катары көрсөтүлгөн.
Бул жерде мамлекеттин позициясы диний билим берүүгө каршы болуу эмес, диний билим берүүнүн укуктук жана сапаттык стандарттарын аныктоо болуп бара жатат.
Дагы бир жагдай диний материалдар жана диний экспертиза боюнча дагы жаңы тартип пайда болду. 2025-жылы министрлер кабинетинин токтому кабыл алынып, диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, өлкөгө алып кирүү, алып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибин бекитти. Бул мамлекеттин диний маалымат мейкиндигине көңүл буруп жатканын көрсөтөт.
Азыр бул өзгөчө маанилүү, анткени диний маалыматтын чоң бөлүгү соцтармактарда б.а. YouTube, TikTok, Telegram, Instagram, WhatsApp, башка онлайн платформалар аркылуу тарайт. Демек, диний саясаттын объекти эми мечит же медресе менен эле чектелбейт. Диний санариптик мейкиндик да мамлекеттик саясаттын маанилүү багытына айланууда.
Акыркы 5–6 жылда диний саясатта жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Мунун үч негизги себеби бар, биринчиден, жаштар диний маалыматты социалдык тармактардан көп алышат. Экинчиден, жаштар диний иденттүүлүктү тез кабыл ала турган социалдык топтордун бири. Үчүнчүдөн, радикалдашуу тобокелдиги бар чөйрөлөрдө жаштар профилактикалык саясаттын негизги объекти болуп саналат. Ошондуктан мамлекеттик диний саясат жаштар саясаты менен улам көбүрөөк кесилишүүдө. 2024-жылдагы республикалык жаштар форуму мунун конкреттүү мисалы.
— Дин чөйрөсү менен “Кыргыз жараны” концепциясын айкалыштыруу кандай натыйжаларды берүүдө?
— Акыркы жылдары Кыргызстанда диний саясат бир катар саясаттар менен бириктириле баштады. Алар дин саясаты, улуттук коопсуздук, экстремизмдин алдын алуу, жаштар саясаты, улуттук биримдик, "Кыргыз жараны" жарандык иденттүүлүгү, этностор аралык мамилелер жана коомдук туруктуулук. Бул акыркы 5–6 жылдагы эң чоң концептуалдык өзгөрүүлөрдүн бири. 2024-жылы президенттин администрациясында диний саясат менен "Кыргыз жараны" концепциясынын аткарылышы биргеликте талкууланганы да ушул тенденцияны көрсөтөт.
Дагы бир жагдай, Кыргызстанда светтик түшүнүктү жайылтуунун эң чоң көйгөйү дагы деле бар. Менин баамымда, Кыргызстандагы негизги көйгөй мыйзамдын жоктугунда эмес, мыйзамдык база бар. Көйгөй светтүүлүктүн коомдук-саясий маданият катары толук калыптана электигинде. Көп учурда коомдо светтүүлүк динге каршы болуу деп түшүнүшөт. Бул туура эмес, Кыргызстан үчүн светтүүлүктүн оптималдуу модели төмөнкүдөй болушу керек. Мамлекет - светтик, коом - диний жактан эркин жана көп түрдүү, дин - коомдук жашоонун мыйзамдуу бөлүгү. Мамлекет бардык конфессияларга карата бейтарап, диний уюмдар мыйзамды сактайт. Мамлекеттик чечимдер диний догмаларга эмес, Конституцияга жана мыйзамга негизделет. Мына ушул баланс Кыргызстан үчүн маанилүү.
Жалпылап айтканда, 2020–2026-жылдардагы Кыргызстандагы диний саясаттын трансформациясын мен төмөнкү формула менен мүнөздөйт элем. Эркиндикти жөнгө салуудан системалуу мамлекеттик башкарууга, системалуу башкаруудан коопсуздук жана профилактика моделине, ал эми 2025-жылдан тартып дин, этнос жана улуттук биримдикти комплекстүү башкаруу моделине өтүү. Башкача айтканда, акыркы 5–6 жылдагы мамлекеттик саясат диний иденттүүлүктү басаңдатууга эмес, аны укуктук чектерде, светтик мамлекеттин алкагында жана жарандык "Кыргыз жараны" иденттүүлүгү менен айкалыштыруу багытында кайра түзүп жатканын көрсөтөт.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!