Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жүзүм өстүрүүдө оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөдөгү жүзүмзарлардын жалпы аянты 2 870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү.
Жалпы түшүм 5990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өсүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түздү.
Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь-май айларында Сербиядан алып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттор боюнча тандалып алынды.
Ошондой эле Лейлек районунда жүзүм өстүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер ишке ашууда. Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер "Аватар" жана "Кишмиш" сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Мындан тышкары, "Аватар", "Моникур Сиңгер" жана "Кишмиш" сортторуна адистешкен жаңы питомник уюштурулууда.