Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Апрель айынын акырына карата насыя портфелинин көлөмү 569 млрд 800 млн сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, жыл башынан бери насыялардын көлөмү 12%га өскөн.
"Апрель айынын акырына карата депозиттер 924 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 6,7%га өстү. Депозиттердин долларлашуусу 18%ды, ал эми насыялардын долларлашуусу 12%дын тегерегин түзөт", - деди ал.