Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Өлкөдө каналдарга бетон полотносун (бетон жайылмасын) төшөө иштери активдүү жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылы жалпы республикалык бюджеттен 883,2 млн сом бөлүнүп, ага 342,57 миң м² бетон жайылмасы алынган. Анын ичинен 148,4 миң м² бетон жайылмасы 27,6 км аралыктагы каналдарга төшөлгөн.
2026-жылы жалпысынан 657,4 миң м² бетон полотносун төшөө мерчемделген. Бүгүнкү күндө республика боюнча 107,4 миң м² бетон жайылмасы 21,9 км аралыкка төшөлдү.
Анын ичинен облустар боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:
- Чүй облусу: 43,2 миң м² бетон жайылмасы 7,3 км аралыкка;
- Жалал-Абад облусу: 19,5 миң м² бетон жайылмасы 3,8 км аралыкка;
- Ош облусу: 16,0 миң м² бетон жайылмасы 3,4 км аралыкка;
- Талас облусу: 11,0 миң м² бетон жайылмасы 1,7 км аралыкка;
- Баткен облусу: 7,0 миң м² бетон жайылмасы 3,5 км аралыкка;
- Нарын облусу: 6,9 миң м² бетон жайылмасы 1,1 км аралыкка;
- Ысык-Көл облусу: 3,6 миң м² бетон жайылмасы 0,9 км аралыкка төшөлдү.