Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын саны 2025-жылдын 1-августуна карата эсептөөлөр боюнча 7 млн 308 миң 2 адамды түздү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жумушчу күчү 2 млн 860,7 миң адамды түзөт.
Иш менен камсыз болгон калктын саны 2 млн 756 миң адамды, жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түзөт. Ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайыз.
2025-жылдын 1-ноябрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 1,4 пайызды түздү.
2025-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жумушсуздардын саны 59,6 миң адамды, ал эми расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 40,9 миң адамды түздү.