Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандарга айып салынат - ИИМ

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-12-04 at 15.12.41.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган чет элдик, анын ичинде казак жарандарына айып пул салынат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Улан Керимкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ИИМ Кыргызстандагы миграциялык мыйзамдарга ылайык, өлкө аймагындагы укук бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Бул чаралар Казакстан жарандарына да бирдей каралат.

“Эгерде Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн жана тартибин бузса, аларга КР Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси боюнча чара көрүлөт.

Эрежелерге ылайык:

  • мыйзам бузуу 1 айга чейин болсо - 5 миң 500 сом айып салынат;
  • 1 айдан 2 айга чейин - 10 миң сом;
  • 2 айдан 6 айга чейин – 17 миң 500 сом;
  • 6 айдан 1 жылга чейин мыйзам бузса - 20 миң сом айып пул каралган”,-деп белгиледи ал.

Муну менен катар ал жарандарды белгиленген миграциялык эрежелерди сактоого чакырып, Кыргызстанга кандай максатта келбесин, мыйзамдуу жүрүү жана укуктук абалды өз убагында жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.