Кыргызстанда жол коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда

Коом 30 ноябрь 2025 14:14
588407514_18439343347100985_8370435439795423228_n.jpg
587761786_18439343317100985_8011053858423162076_n.jpg
588625644_18439343299100985_142950635670008682_n.jpg
588315327_18439343344100985_6528970980984539087_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда өлкө аймагында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, айрыкча ЖКККББнын кызматкерлери шайлоо маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аймактарда күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат.

"Жол тескөөчүлөрү шайлоого келген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, добуш берүү тилкелеринин айланасындагы тыгындардын алдын алуу жана транспорттун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо максатында иштерди жүргүзүп жатышат",-деп айтылат маалыматта.