Кыргызстанда жайыттар көчмө лаборатория менен көзөмөлдөнө баштайт

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жалпы баасы 6,6 млн сомдук заманбап көчмө лаборатория берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, көчмө лаборатория БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан ишке ашырылып жаткан CS-FOR долбоорунун алкагында Жашыл климаттык фонддун каржылоосу менен алынды.

"Лабораториянын курамында Toyota Hilux унаасы, DJI Mavic 3 Enterprise RTK көп спектрдүү дрону, ноутбуктар, күн панелдери, генератор жана көчмө энергия топтоочу заманбап жабдуулар бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул техникалар жайыттардын абалын дрон жана заманбап технологиялар аркылуу так, ыкчам көзөмөлдөөгө, деградацияга учураган аймактарды эрте аныктоого жана илимий чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.

Көчмө лабораторияны тапшыруу иш-чарасынын алкагында тараптар келишимге кол коюшуп, өлкөдө жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоонун бирдиктүү санариптик системасын иштеп чыгууну башташты.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясы 2026-жылды "Эл аралык жайыттар жана жайыт малчыларынын жылы" деп жарыялаган. Санариптик лаборатория климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.