Кыргызстанда Жаңы жыл түнү 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Коом Загрузка... 01 Январь 2026 13:50
FB_IMG_1767252828790.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда Жаңы жыл түнү 2025-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2026-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин республика боюнча жалпысынан 367 бала төрөлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 177си эркек бала, 190у кыз бала. Ошондой эле 9 кесарево операциясы жүргүзүлдү.

Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы Ысык-Ата Жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлдү — салмагы 3 кг 915 г болгон кыз бала.

2026-жылдын 1-январы саат 00:00дөн 00:10го чейинки аралыкта жалпы 11 бала жарык дүйнөгө келди (5 кыз, 6 уул).

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталып, 81 төрөт кабыл алынды. Ош шаарында жана Ош облусунда – 68, Бишкек шаарында – 69 төрөт болду.