Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-06-16 at 09.35.16.jpeg
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы такси кызматы түзүлүп, электромобилдер паркы ачылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү макулдашууга бүгүн министрликте "Улуттук инвестициялык фонд" ААК менен кытайлык Shenzhen Wuyou Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кол коюлду.

Келишимдин алкагында өлкөдө улуттук такси агрегатору, электромобилдер паркы жана электр унааларын кубаттоочу станциялар тармагы түзүлөт. Долбоорлор транспорт тармагын санариптештирүүгө жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар бул демилге узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташтыкка бекем негиз болорун билдиришти.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 09.35.16 (1).jpeg