Кыргызстанда жаңы цемент заводу курулушу мүмкүн

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын “Синьтай Янлинь Цемент” ЖЧКсынын жана “Синьтай Тайсин Механикалык Жабдуулар” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын аймагында цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Компаниялардын өкүлдөрү цемент өндүрүшүнө багытталган заманбап өндүрүш комплексин ишке киргизүүгө жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун алкагында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу маселелери, инвестициялык шарттар, ошондой эле өндүрүштү жергиликтештирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү келечеги талкууланды.

Жыйынтыгында, тараптар инвестициялык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстанда цемент заводун куруу долбоорун деталдуу иштеп чыгууну улантуу, анын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон аянтчаларды, инвестициялык параметрлерди жана өз ара аракеттенүү механизмдерин изилдөө боюнча макулдашты.