Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаштардын саны 2 млн 519 миң адамды түзөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаштар өлкөнүн жалпы калкынын 31,6 пайызын түзөт. Алардын ичинен 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылардын 1 млн 265 миңи — жигиттер, ал эми 1 млн 253 миңи — кыздар.
Марат Тагаев 2023-жылы "Жаштар жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынганын эске салды. Ага ылайык, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында жаштардын курагы 28 жаштан 35 жашка чейин жогорулатылган. Ошондой эле 2023-жылы "Волонтердук иш жөнүндө" мыйзам кабыл алынган.
Мындан тышкары, өлкөдө 2020-2030-жылдарга карата Мамлекеттик жаштар саясатынын концепциясы иштеп жатат. 2024-жылы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин №2250 "Жаштар, тынчтык жана коопсуздук" резолюциясына кошулуп, аны ишке ашыруу боюнча улуттук планды иштеп чыккан.