Кыргызстанда жаштардын коопсуздук индекси төмөндөдү - изилдөө

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Өлкөдө жаштардын коопсуздук жана корголгондук абалынын көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу учурда бир топ төмөндөгөн. Тактап айтсак, 2022-жылдагы индекс 0,63 болсо, 2025-жылы 0,476га түшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индексинин изилдөө жыйынтыктарынан белгилүү болду.

Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу төмөндөп, өлкөдө жаштар үчүн коопсуз абалдын начарлап баратканын чагылдырарын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган изилдөө негизги 9 багыт боюнча жаштар арасында кандай өсүштөр же тескерисинче артка кетүүлөр болуп жатканын көрсөтөт.

“Бүгүнкү сунушталып жаткан жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси негизги 9 багыт боюнча изилдөө жүргүзүлүп, 2022-жылдан азыркы учурга чейинки убакытты камтыйт. Документтин негизги максаты жаштар саясатын өнүктүрүүдө кайсы багыттарга басым жасоо керектигин аныктоо. Изилдөө жаштардын көйгөйлөрүн аныктоого да жардам берет. Мисалы, жаштардын коопсуздук маселеси 2022-жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөн. Ал эми 2022-жылга караганда маданият, билим берүү, IT тармактары боюнча жакшы өсүштөр белгиленген. Бирок, жогоруда айтылгандай коопсуздук жана экологиялык бакубаттуулук тармагында төмөндөөлөр көрсөтүлүп жатат”,- деди Бакай Кожомкул уулу.

Ал ошондой эле изилдөөнүн аягында жаштардын шартын жакшыртууга бир топ сунуштар берилгендигин, эми ушул сунуштардын негизинде жаштар саясатынын багыттарын аныктоодо изилдөө методикалык курал экендигин айтты.

Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси төмөнкү 9 багыт боюнча жүргүзүлгөн:

  • Жарандык катышуу
  • Экономикалык мүмкүнчүлүктөр
  • Билим берүү
  • Маданият
  • Ден соолук
  • Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар
  • Жаштардын коопсуздугу жана корголгондук
  • Үй-бүлө
  • Экология бакубаттуулук.

Эскерте кетсек, изилдөө “Жаштар жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, негизи 2 жылда бир өткөрүлүп турмакчы. Буга чейин изилдөөлөр тиешелүү себептерден улам, 2017 жана 2022-жылы өткөрүлгөн.