Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Жарандарга коркунуч туудурган жалган психологдор көбөйдү. Чыныгы адисти кантип ажыратып билүүгө болорун Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Нургүл Ибраева жана №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли брифингде айтып беришти.
Нургүл Ибраева белгилегендей, мындан 5–7 жыл мурун кыргызстандыктар психологдорго дээрлик кайрылышчу эмес. Көбүнчө ата-энелер сүйлөө кеби же психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдарын алып келишкен.
“Азыр психологдорго чоң кишилер көбүрөөк кайрылып, жардам издеп жатышат. Бул абалдан пайдаланып, тийиштүү билими жок көптөгөн жалган психологдор пайда болду. Алар өздөрүн адис деп атап, ар кандай кызматтарды көрсөтүп жатышат”, — деди Ибраева.
Ал медициналык билими бар чыныгы психологдорду өзгөчө бөлүп көрсөтүү керектигин айтты. Бул адистер терең даярдыктан өтүп, квалификациялуу жардам көрсөтө алышат. Ошондой эле психологго кайрылгандардын санынын өсүшү жарандардын менталдык саламаттык тууралуу маалымдуулугу жогорулаганынан кабар берерин белгиледи.
Ал эми Борис Ли чыныгы адис менен дилетантты айырмалоонун бир нече жөнөкөй критерийлерин атады:
- Жогорку билимин тастыктаган диплому (клиникалык психология боюнча) же дарыгерлер үчүн психотерапия боюнча атайын даярдыгы;
- Квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттары;
- Кесиптик ассоциацияларга мүчөлүгү;
- Лицензияланган методикаларды колдонуусу жана эзотерикалык ыкмалардан алыс болушу.
“Ар бир адам жеке клиникага кайрылганда сөзсүз түрдө лицензияны, сертификатты жана дипломду сурашы керек”, — деп кошумчалады Нургүл Ибраева.
Ошондой эле ал арыздар түшкөндөн кийин текшерүүлөр башталып, анын натыйжасында көптөгөн жалган психологдор аныкталганын белгиледи. Бул багытта өлкөдө психологиялык кызматтарды (лицензиясы жоктор үчүн) жарнамалоого тыюу салган мыйзам кабыл алынган.