Кыргызстанда ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү төмөндөдү

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 09:36
original.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмеде айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, көрсөткүч 1000 тирүү төрөлгөнгө 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөн.

Ошол эле учурда ымыркайлар өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган:

  • биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар — 65,7 % (1224 бала);
  • экинчи орунда тубаса өнүгүү кемтиктери — 15,5 % (289 бала);
  • үчүнчү орунда дем алуу органдарынын оорулары — 8,2 % (152 бала).

Ошол эле маалда жугуштуу жана паразитардык оорулар боюнча 28,1 пайыздык өсүш катталган.