Кыргызстанда япон ооруканасын ачуу долбоору талкууланды

Коом 8 июль 2025 17:52
517274845_1168049145368828_2147683949434617443_n.jpg
518298786_1168049142035495_3829568957097656108_n.jpg
518327053_1168049135368829_7094584848145274805_n.jpg
518272407_1168049272035482_377141055797867374_n.jpg
518274601_1168049252035484_8652501747261373658_n.jpg
Алдыга
Артка
517274845_1168049145368828_2147683949434617443_n.jpg
518298786_1168049142035495_3829568957097656108_n.jpg
518327053_1168049135368829_7094584848145274805_n.jpg
518272407_1168049272035482_377141055797867374_n.jpg
518274601_1168049252035484_8652501747261373658_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлигинде Япониянын Kitahara Medical Strategies International Co. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, делегацияны министрдин орун басары Алберт Махметкулов кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар медициналык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын ыктымалдуу багыттарын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында япон ооруканасын ачуу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Белгиленгендей, бул демилге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ыктымалдуу модели катары каралууда жана өлкөнүн медициналык инфратүзүмүн чыңдоодо маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн.

Жолугушууда келечектеги клиника үчүн адистерди даярдоо маселелерине, анын ичинде такшалтуу программаларына жана биргелешкен билим берүү демилгелерине, өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин орун басары азыркы учурда Кыргызстандын медициналык билим берүү системасында сандык көрсөткүчтөрдөн адистерди сапаттуу даярдоого өтүү аракети башталууда. Ал Япониянын жарандарынын ден соолугунун жогорку деңгээли алардын саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугунун жаркын көрсөткүчү экенин, бул багытта Кыргызстан баалуу тажрыйба аларын баса белгиледи.

Соңунда тараптар белгиленген багыттар боюнча мындан аркы диалогго даяр экендиктерин жарыялады.