Бишкек, 30.12.25 /Кабар/. Ветеринардык биопрепараттарды туура жана коопсуз колдонуу максатында республика боюнча жеке ветеринардык адистер атайын термо-чемодандар менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен ветеринардык биопрепараттарды талапка ылайык сактоого багытталган заманбап муздаткыч жабдуулар сатып алынган.
Мекеме бул чаралар ветеринардык дары-дармектердин жана вакциналардын стандартка ылайык сакталышын камсыздоого, ошондой эле алардын сапатын жана коопсуздугун сактоого багытталганын белгиледи.
Натыйжада Ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугу жогорулап, айыл чарба жаныбарларынын ооруларынын алдын алуу чаралары кыйла жакшырат.