Кыргызстанда унаалардын саны 2 миллионго жакындады: Статистика

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 17:30
5429483689382448385.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 909 961ди түздү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 697 100 унаага салыштырмалуу 13 пайызга өскөнүн көрсөтөт.

Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:

  • 972 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%)
  • 57 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%)
  • 339 938 – дизель унаалары (18%)
  • 56 997 – газ/бензин аралаш (3%)
  • 37 295 – гибрид унаалар (2%)
  • Калганы – башка түрлөрү

Ошондой эле автопарктын жаңылануу тенденциясы байкалууда. 2024-жылы 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү 1,5 пайызды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5 пайызга жетти.