Кыргызстанда унааларды каттоо жана автомектептердин ишин жаңылоо пландалууда

Коом Загрузка... 12 Ноябрь 2025 12:00
39-1280x960.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгы министрлер кабинетинин "КР президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маселелери жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Долбоордун максаты жана милдети

Документтин негизги максаты КР президентинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 259 жарлыгына ылайык, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборнун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларды активдештирүү болуп саналат.

Долбоордо борбордун ишин жөнгө салуучу министрлер кабинетинин бир катар актыларынын жаңы редакциясын бекитүү каралган.

Ведомствону кайра түзүү

Жарлыкка ылайык, министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик КР президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор болуп кайра түзүлгөн.

Борбор агенттиктин укук мураскери катары таанылат. Токтом долбоорунда президенттин Иш башкармалыгына бардык милдеттенмелер боюнча мураскорлугун камсыз кылуучу өткөрүп берүү актысын бекитүүнү тапшыруу сунушталууда.

Автомектептерди лицензиялоо

Укуктук карама-каршылыктарды жоюу максатында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн (автомектептерди) лицензиялоону жүргүзүү укугун берүү сунушталууда.

Ченемдик актыларды жаңылоо

Жаңы редакцияда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды бекитүү сунушталууда. 2017-жылдан бери иштеп келген документтерге бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген жана борбордун кайра түзүлүшүнө байланыштуу системалуу жаңылоону талап кылат.

Транспорттук каражаттарды убактылуу каттоо жана тобокелдиктерди алдын алуу

Долбоордо унааларды убактылуу каттоого байланыштуу тобокелдиктердин алдын алууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Атап айтканда:

  • убактылуу Кыргызстандын чегинен тышкары каттоодо турган автотранспорт каражаттарын чыгарууга (экспорттоого) тыюу салуу;
  • убактылуу каттоодо турган автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик номурларынын "11" цифралык кодун киргизүү;
  • Бишкек, Ош шаарлары жана облустар үчүн мамлекеттик номерлердин санарип коддорунун тизмесин бекитүү.

Мындай чара мыйзамсыз кайра экспорттоого, салык төлөөдөн качууга жана мүмкүн болгон эл аралык санкцияларды колдонууга бөгөт коюуга багытталган.

Жаңы мамлекеттик кызматтар

Долбоордо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун төмөнкү кызматтар менен толуктоо сунушталат:

  • айдоочулук күбөлүктү шашылыш берүү;
  • транспорт каражатын шашылыш каттоо жана кайра каттоо;
  • чет элдик жарандын жана жарандыгы жоктордун унаа каражаттарын убактылуу каттоого алуу;
  • айдоочулук күбөлүк алууга квалификациялык экзамендерди кабыл алуу.

Финансылык абал

Документке ошондой эле Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттарды которуунун учурдагы тартиби да киргизилген.

Токтомдун кабыл алынышы, түшүндүрмө катта белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун алдына коюлган милдеттерди толук ишке ашырууга, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук курамды эсепке алуу жана тонировкага уруксат берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.