Кыргызстанда унаа айдоо маданияты кандайча калыптанууда?

Коом Загрузка... 21 Октябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Кыргызстанда унаалардын саны күн сайын өсүүдө. Акыркы жылдарда эле унаалардын саны дээрлик үч эсеге көбөйгөн, бирок инфраструктура жана айдоо маданияты бул өсүшкө дайыма эле жетише албай келет.

Жолдогу жүрүм-турум көйгөйлөрү

Негизги көйгөйлөрдүн арасында — агрессивдүү айдоо, ылдамдыкты ашыруу, ашып өтүү жана токтоо эрежелерин жокко чыгаруу, ошондой эле рулда баратып телефон менен сүйлөшүү адаты бар. Көптөгөн айдоочулар жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоону, башкача айтканда жөө жүргүнчүгө жол берүү, себепсиз сигнал баспоо, каршы тилкени ээлеп албоо сыяктуу жөнөкөй эле эрежелерин эсинен чыгарып коюшат. Мунун баары инспекторлор жана видеокамералар күн сайын каттап турган кооптуу кырдаалдарды жаратат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын комплекстүү чаралары

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа сүйүүчүлөрдүн арасында айдоо маданиятын жогорулатууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ЖКККББнын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

WhatsApp_Image_2025-10-13_at_18.22.33.width-800.jpg

Анын айтымында, республиканын бардык аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кадамдар жасалууда. Керектүү документтери, тажрыйбасы, айдоочулук күбөлүгү же лицензиясы жок туруп таксиге өз алдынча чыгып жаткан айдоочуларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып келинген унааларды мыйзамдаштыруу жана чет элдик номерлүү транспорт каражаттарын каттоо иштери уланууда.

Байказы Айтикул уулу 1-октябрдан тарта өлкөдө "Коопсуз өлкө" долбоорунун камералары аркылуу көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи. Алар айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да коопсуздук курун тагынбоосуна байланыштуу эреже бузууларды каттап жатат.

1075403905_0_188_3072_1916_600x0_80_0_0_47ecf1.width-800.jpg

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен биз айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүп жатабыз. Жол эрежесин бузгандарды инспекторлор жеринде токтотуп, алардын эрежерди билүүсүн текшерип, сурамжылоо жүргүзүшөт. Жол кыймылынын эрежелерин билбегендиги аныкталса, айдоочулук күбөлүгү алынып, жаран кайрадан экзамен тапшырууга жиберилет. Мунун бардыгы айдоо маданиятын жогорулатуу үчүн жасалууда", — деп билдирди ал.

Ошондой эле дем алыш күндөрү республика боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүп турат. Алардын жүрүшүндө эреже бузгандардын олуттуу саны аныкталууда. ЖКККББнын маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын 60-70 пайызын 25 жаштан 45 жашка чейинки жарандар түзөт, алардын көбү жаш айдоочулар, айрымдарынын айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын башкаруу укугу жок.

944643.be8658f.max-2560x1440.format-webp.jpegq.width-800.png

Статистика боюнча, жол-транспорт кырсыктарынын 90,5 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот. Негизги себептердин арасында — ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактабоо, кууп өтүү эрежелерин бузуу, жол берүүдөн баш тартуу, ошондой эле мас абалында же чарчаңкы абалда транспорт башкаруу бар.

Мындан тышкары, жол кырсыктарынын 32 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болот. "Рейддер учурунда биз жөө жүргүнчүлөр жолду туура эмес жерлерден өтүп жатканын, айрыкча Ош же Аламүдүн базарлары сыяктуу жерлерге жакын жерлерде көп көрөбүз. Кээде адамдар жол чырактын жашыл сигналын күтпөстөн эле жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чуркап чыгышат, ошонун айынан унаа сүзүүлөр болот", — деп кошумчалады ал.

Жол эрежелерин бузуулар боюнча статистика

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанда 898 335 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен:

  • 12 448 — мас абалында унаа башкаруу;
  • 135 141 — ылдамдыкты ашыруу;
  • 6 185 — мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка);
  • 11 716 — керектүү документтердин жоктугу;
  • 1 232 — автоээнбаштык учурлары;
  • 112 029 — коопсуздук курун тагынбоо;
  • 28 603 — жөө жүргүнчүлөр жана мопед айдоочулары тарабынан бузуулар;
  • 425 973 — жол белгилерин жана чиймелерин сактабоо.

Натыйжада, ар кандай бузуулар үчүн 123 303 унаа айып төлөөчү жайга убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары, 2023-жылга чейин ЖКККББ автомектептердин ишин көзөмөлдөп, алардын лицензияларын жана стандарттарга шайкештигин, ошондой эле курсанттарды окутуу сапатын текшерип келген. Кийинчерээк бул функция президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, министрлер кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизген.

ekzamen-na-prava-e1.2e16d0ba.format-webp.fill-.width-800.png

Коомдун күзгүсү болгон айдоо маданияты

Айдоо маданияты – бул эрежелерди билүү гана эмес, ошондой эле адамдарга болгон сый-урмат. Айдоочунун жолдо өзүн кандай алып жүрүшү коомдун жетилгендик деңгээлин чагылдырат. Коопсуз кыймыл аң-сезимден башталат: жол – бул жалпы мейкиндик, анда жеке ыңгайлуулуктан тышкары, башкалардын өмүрү да маанилүү.

Кыргызстанда акырындык менен көңүл бурууга, тартипке жана өз ара сый-урматка негизделген жаңы маданият калыптанууда. Бирок ал нормага айланышы үчүн, мамлекеттин аракеттери ар бир айдоочунун жеке жоопкерчилиги менен толукталышы керек.